АЙ-КҮНҮНӨ ЖЕТҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Төрөй турган мезгили келүү, төрөрүнө жакын калуу. Ай-күнүнө жетип турган келинчеги Айганыш, тигине, кыз-келиндердин катарында тамылжып отурат (Сыдыкбеков). Ошол тапта Асылкандын ай-күнүнө жетип калган учуру эле (Өмүрбаев).